fbpx

Фалунь Дафа в мире

Адамзат эмне үчүн жашайт?

Эң алгач, мен баарыңарга кирип келе жаткан Кытай Жаңы жылына арналган куттуктоомду жиберем!

Жаңы жылды тосуу учурунда эл майрамдык куттуктоону чыдамсыздык менен күтөт, албетте муну угуу баарына жагымдуу угулат, бирок мен адамзатка кадам сайын жакындап келе жаткан коркунучту көрүп жатам. Ошондуктан, Кудайлар жана Буддалар менден, дүйнөдөгү бардык тирүү жандууларга бир нече сөздөрдү айтууну суранышты. Ар бир сүйлөм – бул Асман сыры. Мунун максаты, адамдарга чындыкты билүүгө жана алардын сакталып калуусуна дагы бир жолу  мүмкүнчүлүк берүү.

Адамзат эмне үчүн жашайт? Аалам жаралгандан баштап акырына чейин төрт баскычтуу узак процесстен өтүшү керек: жаралуу, туруктуулук, бузулуу  жана жок болуу (кыйроо). Аалам  «жок болуунун» акыркы баскычынын аягына жеткенде, баардык Асман, анын ичинде биз жашаган Аалам да көз ирмемде толугу менен кыйрап жок болот! Баардык жашоо толугу менен жок кылынат!

Адамдын өлүмү – бул болгону чирүү, үстүнкү дененин карыганы, ал эми адамдын жаны (чыныгы “Мен” өлбөйт) кийинки жашоодо кайрадан төрөлөт. Аалам жаралуу, туруктуулук, бузулуу жана кыйроодон өтөт, ал эми адамдарда төрөлүү, карылык, оору жана өлүм бар. Бул Ааламдын мыйзамы,  Кудайлар да буга баш ийишет, болгону алар үчүн убакыт узагыраак, анткени алардын улуугуна карата бул процесс көп убакытты талап кылат. Кудайдын кудрети канчалык бийик болсо, жашоосу да ошончолук узак болот. Алардын төрөлүшү менен өлүмү татаал, түйшүктүү болбойт, бул процессти алар так жана даана билгендиктен, алар үчүн бул сырт кийимин алмаштыргандай эле ишке ашат. Башкача айтканда, кадимки шарттарда жашоо өлбөйт (токтобойт). Аалам жана Асман Денеси калыптануунун, туруктуулуктун, бузулуунун жана кыйроонун акыркы этабында бүлүнүүгө (кыйроого) учураса, анда жашоо кайра уланбайт, кайра жаралбайт жана бардык жандар жана бардык нерселер жашоосун токтотуп, чаңга (топуракка) айланышат,  ошентип баары “жоктук” абалына келет. Азыркы учурда адамзат дүйнөсү жаралуу, туруктуулук, бузулуу, кыйроо процессиндеги жок болуунун акыркы этабын башынан өткөрүп жатат. Бул акыркы этапта бардыгы начарлап баратат, ошондуктан кыйроолор көп жана ушунун кесепетинен бүгүнкү коом ушундай башаламан абалда турат. Адамдарда жакшы ой-ниет жок, бардык жерде сексуалдык ээн баштык, психикалык  четтөө, баңгилик жана башка терс көрүнүштөр көбөйдү. Адамдар Кудайга ишенишбейт. Асман денесинин кыйроонун акыркы баскычына жеткенде  ушундай абал болбой койбойт, башкача айтканда, убакыт келди!

Жараткан бардык Кудайларды жана көптөгөн кереметтүү жашоочуларды, ошондой эле Асман денесиндеги укмуштуудай жаратууларды барктайт. Ошондуктан, «бузулуу» баскычынын башталышында  Ал Кудайлар жок («Мыйзам Чөйрөсүнөн тышкары» деп аталат) Асман денесинин эң сырткы деңгээлине кээ бир Кудайларды алып келип, Жерди жараткан. Жер өз алдынча жашай албайт. Анын бар болушу үчүн, албетте, жашоонун жана биологиялык организмдердин айлануу системасын түзүү үчүн сөзсүз түрдө Асман денесинин талапка ылайык түзүмү болуш керек. Демек, Жараткан Жерден тышкары чоң аймакты жараткан, аны бийик жандар «Үч Чөйрө»  деп аташат. Сактап калуу процессинин акыркы этабы башталмайынча, бийик жандар канчалык жогорку даражада болбосун, Жараткандын уруксатысыз Үч Чөйрөгө каалагандай кирип — чыга алышпайт. Үч Чөйрөнүн ичинде ири үч чөйрө бар. Жердеги тирүү жандыктар, андагы адамдар да жайгашкан деңгээл «каалоо чөйрөсү» деп аталат. Бул каалоо чөйрөсүнүн үстүндө «формалар чөйрөсү» деп аталган экинчи чөйрө бар. Бир деңгээлге өйдө турган, «формасыз чөйрө» деп аталган үчүнчү чөйрө бар. Улам жогору турган чөйрө ажайып жакшы, бирок булардын баары Асман падышачылыгынын  Мыйзам чөйрөсүндөгү жана андан жогору турган асман чөйрөлөрүнө тең келе албайт. Адамдар көп айтышкан бейиш, чынында, формалуу жана формасыз чөйрөдөгү асман. Ар бир чөйрө Асмандын он деңгээлинен тургандыктан, Үч Чөйрөнүн өзүн кошкондо, жалпысынан отуз үч деңгээл бар. Адамдар каалоо чөйрөсүндө, б.а. эң төмөнкү деңгээлде, эң начар чөйрөдө жайгашышкан. Адам өмүрү түйшүктүү жана кыска. Эң кейиштүүсү — адамдар дүйнөсүндө адилеттүү принциптердин жоктугунда. Ааламда адамдардын принциптери тескерисинче болот (Кудай адамдарга насаат кылган Мыйзамдын принциптеринен тышкары), мисалы, жеңүүчү падыша болот, дүйнөнү күч менен басып алат, күчтүүлөр баатыр деп эсептелинет жана ушул сыяктуу принциптер. Кудайлар бул принциптерди туура деп эсептешпейт, аны адам өлтүрүү жана талап-тоноо жолу менен алынган деп эсептешет. Адам дүйнөсүнүн жолу ушундай, бирок бул Аалам жолуна  каршы. Бул адам чөйрөсүндөгү  принциптер Ааламдын принциптерине салыштырмалуу «тескери принциптер». Демек, Асманга (Бейишке) кайтууга каалоо болсо, анда адилет принциптерге ылайык «өсүп-өркүндөө» керек. Кээ бир адамдар башкаларга караганда жакшыраак жашагандыктан, алар баары ойдогудай, жакшы жашап жатам деп ойлошот. Себеби, алар өздөрүн ушул чөйрөдөгү адамдар менен салыштырышат. Чынында, алардын баары Ааламдын таштандысында жашашат. Асманда Үч Чөйрө  Ааламдын эң сырткы деңгээлинде  молекулалар, атомдор ж.б. ушу сыяктуу эң төмөнкү, эң орой жана эң ыплас бөлүкчөлөрдөн жаратылган. Кудайлардын пикири боюнча бул жер –таштандыларды ыргытуу үчүн. Мына ошондуктан Кудайлар бул деңгээлдеги молекула сыяктуу бөлүкчөлөрдү топурак катары карашат, б.а. алардын көруүсүндө адамзат жашаган жер – эң төмөнкү деңгээлдеги жер. «Кудай адамды топурактан жаратты» деген диний сөздүн мааниси мына ушунда. Башкача айтканда, чындыгында  адам молекулалардан турган ушул мейкиндиктин затынан жаратылган.

Адамзатты Кудайлар Жаратуучунун эрки менен жараткан. Жаратуучу,  Кудайларга адамдарды өздөрүнүн образында жана өздөрүнө окшош болгон, түрдүү кейиптеги адамзатты жаратууну буйрүган. Ошондуктан, ак, сары, кара жана башка түстөгү адамдар бар. Алардын сырткы көрүнүштөрү айырмаланганы  менен,  алардын ичиндеги жашоосу Жараткан тарабынан берилгендиктен, алардын жалпы баалуулуктары бирдей. Жаратуучу, Кудайларга адамдарды жаратуу буйругунун себеби акыр заман келгенде адамды, Ааламдын бардык тирүү жандыктарын, анын ичинде Кудайларды да сактап калуу максатында колдонуу үчүн болгон.

Анда эмне үчүн Жараткан Кудайга адамдарды мынчалык төмөн жана ыплас чөйрөдө жаратууну буйруган? Себеби, бул жер – Ааламдын эң төмөнкү деңгээли, эң көп азап-кайгыга толгон жер, жана азап-кайгы аркылуу гана оңолууга, өзүн-өзү өркүндөтүүгө, топтолгон күнөөлөрдөн арылууга болот. Эгерде адам азап тартып жатканда деле боорукер болуп, жашоосуна ыраазы болуп, жакшы адам боло алса, анда ал өзүн-өзү ушундай жол менен өнүктүрө алат. Мындан тышкары, куткаруу процесси сөзсүз түрдө эң төмөнкү жерден башталышы керек. Бул жерде жашоо азап-кайгыга толгон, адамдардын ортосунда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, жашоо чөйрөсү катаал; жашоо үчүн адамдар акыл-эс жана физикалык жактан катуу иштеши керек ж.б.у.с. Мунун баары жашоочуларга  тазаланууга  жана күнөөдөн арылууга мүмкүнчүлүк берет. Азап тартуу күнөөлөрдөн топтолгон кармадан арылтат, чындыгында ушундай. Эгерде адам азап-кайгыда да жана чыр-чатактарда да боорукердикти сактай алса, анда ал жакшылыкты топтоо менен жан –дүйнөсүнүн деңгээлин жогорулатат.

Жараткан акыркы учурда Ааламдын тирүү жандыктарын сактап калуу үчүн адамдын денесин колдонууну каалаганда, адам денесиндеги алгачкы жашоолордун көбү адам болуп  жарала турган жогорку жандыктар менен алмаштырылган. Жашоодо, жан-дүйнө, адамдын денеси аркылуу жаман иштерден улам топтогон күнөөлөрдөн азап тартып тазаланып, адилеттүү туура принциптер жок учурда  Кудай үйрөткөн адилеттүү принциптерди карманып, ошондой эле кайрымдуулукту сактап калуу менен көтөрүлө алат. Акыр заман келди, бейиштин дарбазалары Үч Чөйрөдө ачылды,  Жараткан ушул учурда куткаруу үчүн ушундай адамдарды тандап жатат.

Жаралуу, туруктуулук жана бузулуу процессинде Ааламдын Асман денесинин ичиндегилердин баары баштапкы этаптагыдай таза, жакшы болбой калды. Мына ушундан улам бардыгы «жок болуу- кыйроо» этабына келди. Башкача айтканда, Асман денесинин ичиндеги бардык нерсе бузулган, тирүү жандар баштагыдай жакшы эмес; бардык жашоочулар таза эмес, жана бардыгында күнөөлөрдөн улам кармалары бар. Ошол себептен кыйроолор (жок болуулар) болуп жатат.  Мындай күнөө динде «баштапкы күнөө» деп аталат. Жараткан Ааламды сактап калыш үчүн  Кудайларга жана Дүйнө Кожоюндарына бул дүйнөгө түшүп, ушундай чөйрөдө адам болууну, азап-кайгыга чыдап, өздөрүн өркүндөтүүнү, күнөөлөрүнөн арылууну, өзүн оңдоону жана кайрадан Асман Бейишине кайра кайтып келүүнү буйруган. ( Анткени Жаратуучу адамдарды сактап калуу менен бирге Ааламды да кайра жаратат), жаңы Аалам толугу менен таза жана кооз. Эгер бул катаал чөйрөдө адам жакшы ойлорду сактай алса, эгерде заманбап түшүнүктөрдүн чабуулуна кабылганда, ал салттуу түшүнүктөрдү кармана алса, атеизмдин жана эволюция теориясынын чабуулдарына карабастан, адам дагы эле Кудайга болгон ишенимин сактай алса, –  анда мындай адам сакталып калуу максатына жетип, Бейишке кайтып барат. Бул башаламандыктын баары – Кудайлардын акыркы планы, анын максаты – адамдардын өмүрүн сактап калууга болор же болбостугун текшерүү. Ошол эле учурда бул процесс азап-кайгылар, топтолуп калган күнөөлөрдөн арылууга өбөлгө түзөт. Ушунун баары адамзатты сактап калуу жана аларды Асмандагы Бейишке кайтаруу үчүн жасалууда.

Демек, адамдын бул дүйнөдөгү жашоо максаты коомдо бир нерсеге жетүү эмес. Адамдар өмүр бою бир нерсеге ар кандай жолдор менен жетишүү үчүн  күрөшүп,  жанталашып аракет кылышса, бул аларды бузулууга эле алып келет. Бул дүйнөгө келип, адам болуунун максаты – күнөөлөрдөн топтолгон кармадан кутулуу жана өзүн-өзү жакшы өркүндөтүү. Адамдар бул дүйнөгө сакталып калуу үчүн келишкен. Алар Жараткандын сактап калуусун күтүү үчүн, Асман Дүйнөсүнө кайтып баруу үчүн адам болуп жаралышкан. Күтүү процессинде, жашоодон жашоого, жакшылыкты топтоо – бул да кайра жаралуунун максаты болуп саналат. Тирүү жанга өз мүдөөсүн ишке ашыруусу үчүн башаламан дүйнө керек. Бирок, кээ бир адамдар кыйынчылыкка кабылып, Кудайдан жардам сурап, бирок сураганын ала албай, аны жек көрүп, натыйжада Кудайга каршы чыгып, алтургай шайтандын  жолуна кирип, топтолгон оор күнөөлөрдөн жаңы кармага батышты. Андай адамдар тезирээк артка кайтып, терең кайгырып Кудайдан кечирим сурап, кылган катасын экинчи кайталабаска сөз берип, туура жолго түшүшүп куткарууга ээ болуулары керек. Чындыгында, бул жашоодо бир нерсеге жетсең да, жетпесең да баары мурдагы  жашоодогу жакшы-жаман иштердин жазасы; бул жашоодогу бактылуулуктун өлчөмү мурунку жашоодо топтолгон жакшылыктын өлчөмү менен аныкталат. Эгерде  жакшылык көп чогулса, аны кийинки жашоодо кирешеси көп жогорку кызматкер болууга  алмаштыра алат, же ар кандай байлыкка, жыргалчылыкка, үй-бүлөлүк бакытка, балдардын жакшы жашоосуна алмаштырылышы мүмкүн ж.б. Кээ бир адамдардын бай, кээ бирлеринин кедей, кээ бирлеринин жогорку даражалуу кызматкер, а башкалары үй-жайсыз, бактысыз болгондорунун негизги себеби мына ушунда. Бул компартия тарабынан жүргүзүлүп жаткан жалпы теңдик жөнүндөгү шайтандык пропагандадан айырмаланат. Аалам адилеттүү, тирүү жандар кылган жакшылыктары үчүн сыйланышат, ал эми жаман иштери үчүн жаза тартышат, бул жашоодо төлөбөсөң кийинки жашооңдо төлөйсүң.  Себеби бул – Аалам Мыйзамынын өзгөрүлгүс эрежеси! Асман, Жер, Кудай жана Жаратуучу  – тирүү жандарга ырайымдуу. Асманды, Жерди, адамдарды жана Кудайларды Жаратуучу жараткан, ал кээ бир жандарга жакшы, башкаларына жаман мамиле кыла албайт. Күнөөлөрдөн чогулган карма адамдын жашоосунда бактылуу  же бактысыз болушуна негизги себеп болот.

Чындыгында, жоготуулар жана ээ болуулар коомдо катардагы көрүнүштөй эле болот, бирок алар негизинен тирүү жандын аракеттеринин натыйжасында келип чыгат. Бирок, ээ болуу же ээ болбоо, жоготуу же утуу, мунун баары адам коомундагы жагдайларга дал келген сыяктуу көрүнөт. Демек, силер бай же кедей болсонор да, жакшы иштерди жасап, жаман иштерден алыс болуп, боорукерликти сактап, адеп-ахлактуу адам болуп жана Кудайга ишенип, ошондой эле башкаларга да жан дилиң менен жардам беришиңер керек. Ушинтип жакшылык топтоп, кийинки жашоодо жакшылыкка ээ болсо болот. Илгери Кытайда карыялар көп айтышчу экен, «Бул жашоодо бир аз кыйналсаң, Асманга, Жерге нааразы болбой, жакшы иштерди көп кылып, жакшылыкты көп жыйна, ошондо кийинки жашооңдо баары жакшы болот». Башкача айтканда, мурунку жашооңдо жакшылык кылбай, жакшылыктарды топтобосоң, анда Кудайдан жардам сурагандан пайда жок. Ааламдын өзүнүн мыйзамдары бар, аларга  Кудайлар да баш ийиши керек. Эгер алар тыюу салынган ишти кылышса, алар да жазасын алышат. Бул адамдар ойлогондой жөнөкөй нерсе эмес. Кудайлар силерге каалаганыңардын баарын берүүлөрү керекпи? Шарт төмөнкүдөй: сенде сөзсүз түрдө мурунку жашооңдо топтогон жакшылык бар болуш керек, ошондо гана, аны каалаган нерсеге алмаштыра аласың! Аалам Мыйзамынын принциптери ушундай  бекитилген. Бирок, жакшылыкты топтоонун негизги максаты бул эмес. Эң башкысы, Бейишrе кайтууга жол ачуу үчүн мүмкүн болушунча  жакшылыктарды көп топтоо зарыл. Эң негизгиси мына ушунда. Жакшылыкты бир жашоодогу кыска мөөнөттөгү бакытка алмаштыруу эмес, а бирок, Бейишке карай жол салуу.

Устат Ли Хунчжи, 2023-жылдын 20-январы

  • Мы в соцсетях

    мы в телеграм мы в ВКонтакте Одноклассники Мы в Youtube
  • Почему существует человечество?
  • Фалунь Дафа семинар Шень Юнь
  • Остановить убийства людей ради их органов
  • Популярное

    pic
    pic
    pic
    pic
    pic
    pic
    pic
    pic
    pic